Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:16

Тоолуу Карабакта салгылашуу уланып жатканы кабарланууда


Тоолуу Карабак
Тоолуу Карабак

Эл аралык коомчулук тааный элек Тоолуу Карабактын жетекчилиги азери бийлигинин кырдаал турукташты деген билдирүүсүнө карабай, аймактын түштүк-чыгыш жана түндүк тарабында согуштук аракеттер уланып жатканын Би-Би-Сиге кабарлады.

Буга чейин Азербайжандын Коргоо министрлиги талаштуу аймакта калыгышуулар токтогонун жарыялаган.

2-апрелде Азербайжан менен Армения Тоолуу Карабакта кырдаал чыңалганын билдиришкен. Тараптар ок атуулар жана чабуулдар үчүн бири-бирин айыпташууда. Расмий Баку салгылашууда 12 аскери мерт кеткенин, Армениянын танкттары, артиллериялык түзүлүштөрү жана 100дөй жоокери жок кылынганын маалымдаган.

Ереван бул айтылгандарды төгүндөдү. Армян президенти Серж Саргсян буга чейин 18 аскерин жоготконун, отуз беши түрдүү жараат алганын айткан.

Тоолуу Карабак Азербайжандагы этникалык армяндар жашап, көзөмөлдөгөн аймак.

Ага байланышкан азери-армян чатагы 1988-жылы Тоолуу Карабак автоном облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жарыялагандан кийин башталган.

1994-жылы Орусиянын ортомчулугу менен элдешүү келишимине кол коюлуп, аймактагы согуш токтогон. Бирок Азербайжандын Карабак жана анын тегерегиндеги райондору армяндардын көзөмөлүндө кала берген.

2009-жылы Армения менен Азербайжандын президенттеринин сүйлөшүүсүнөн кийин конфликтти тынч жол менен чечүү аракети туңгуюкка кептелди. Соңку убакта тараптардын пикир келишпестиктеринен улам бир канча жолу куралдуу кагылышуулар болду.

XS
SM
MD
LG