Линктер

шейшемби, 24-январь, 2017 Бишкек убактысы 17:31

Франциянын Тышкы иштер министрлиги Тоолуу Карабакта салгылашып жаткан тараптарды ок атышууларды токтотуп, жаңжалды тынч жол менен чечүүгө үндөдү. Министрликтин расмий өкүлү Ромэн Надаль кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жандантуу керектигин билдирди.

Анын айтымында, расмий Париж Тоолуу Карабактагы акыркы окуяларга тынчсызданууда. Салгылашуулар адам өлүмүнө алып келгенине өкүнүү менен тынчтыкка кайтууга эки тарапты чакырып жатат.

Ошондой эле Франция ондогон жылдар бою чечилбей келаткан чыр-чатакты Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун алдындагы Минск тобунун кийлигишүүсү менен чечүүгө болот деген позицияны карманууда.

Тараптарды элдешүүгө чакырган ушундай эле мазмундагы билдирүү менен Франция президенти Франсуа Олланд өзү да чыккан болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG