Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:12

Пан Ги Мун Тоолуу Карабакта атышууларды тез арада токтотууга үндөдү


Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Тоолуу Карабактагы согуштук аракеттерди тезинен токтотуу керек деген кайрылуу жасады. Ал аймакта жаатташкан эки тараптын урушунда оор артиллерия колдонулуп, көптөгөн адамдар, анын ичинде карапайым элдин да курман болгону тууралуу кабарларга бушаймандыгын билдирди.

Азербайжан менен Армениянын Тоолуу Карабактагы салгылашы кечээ эртең менен башталган. Бул үчүн эки тарап тең бири-бирин күнөөлөп жатат. Баку талаштуу аймакта ок атуулар токтоду деген маалымат таратты. Ошол эле кезде жергиликтүү армяндар көзөмөлдөгөн эл аралык коомчулук тааный элек Тоолуу Карабактын жетекчилиги согуштук аракеттер уланып жатканын кабарлоодо.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG