Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:29

Аба ырайы: жаан жаайт


Кыргызгидрометеорология агенттиги билдиргендей, 3-апрелден 5-апрелге чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137, 198-265 чакырымдары), Каракол-Эңилчек (45-90 чакырымдары) жана Ала-Бука-Канышкыя (70-90 чакырымдары) унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.

4-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +10…+15;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…+5;

Талас жана Баткен облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13;

Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 2…7, күндүз +10…+15;

Көл кылаасында түнкүсүн 0…+5, күндүз м7…+12;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2 градус жогору болот.

Бишкекте 4-апрелде маал-маалы менен жаан жаайт. Батыштан ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жеткен жел уруп турат. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5°, күндүз +11…+13° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG