Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:13

Ысык-Көл: кыйноолорго каршы күтүүсүз текшерүүлөр жүрүүдө


Быйыл мартта Ысык-Көл райондук прокуратурасы Кыйноолорго каршы күрөшүү боюнча улуттук борбордун эксперттери менен биргеликте ички иштер бөлүмдөрүнүн убактылуу кармоочу жайларын текшерип чыкты. Райондук прокуратура кабарлагандай, ушуга чейин капыстан текшерүү учурунда кыйноолор жана башка зомбулуктар аныкталган жок. Милициянын запкысынын алдын алуу иштери дагы уланат.

2015-жылы Ысык-Көл районундагы милиция бөлүмдөрүндө 100дөн ашык текшерүү жүргүзүлгөн. Укук коргоо органдарынын үстүнөн күч колдонуу боюнча үч арыз түшүп, анын бирине кылмыш иши ачылган. Арыз менен кайрылгандар кызматкерлердин иш бөлмөлөрү менен убактылуу кармоо жайларында кыйноолор көп болорун жазышкан. Бирок көпчүлүк учурда алар жазадан качуу үчүн ар кандай шылтоолорду ойлоп тапканы да аныкталган. Ошол эле маалда тартип сакчыларынан запкы көргөндөр өз убагында кайрылбагандыктан, укуктук баа берүү үчүн далилдер жетишсиз болуп жатканы айтылат райондук прокуратуранын билдирүүсүндө. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG