Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:06

Азербайжан:Тоолуу Карабакта ок атышуулар бир тараптуу токтоду


Тоолуу Карабак, 2-апрель

Тоолуу Карабак, 2-апрель

Бирок Армениянын Коргоо министрлиги бул билдирүүнү бышыктаган жок. Ишембиде башталган кагылышууларда 30 адам мерт кеткени кабарланууда. Азербайжандын Коргоо министрлигинин өкүлү ок атышууларды токтотуу менен эл аралык коомчулуктун чакырыктары аткарылганын маалымдады. Эгерде армян тарап бул чечимди колдобосо, согуштук аракеттерди улантарын эскертти. Ал эми Тоолуу Карабактын жетекчилиги менен Армениянын Коргоо министрлиги аймакта салгылашуу уланып жатканын билдирүүдө. Армян коргоо министрлигинин өкүлү Арцрун Ованнисян азери тараптын согуштук аракеттер токтоду деген билдирүүсүн “маалыматтык тузак” катары баалады.

Азербайжандын аймагындагы чырлуу Тоолуу-Карабак автономиясында ишембиге оогон түнү катуу салгылаш башталган. Акыркы маалыматтарда Азербайжандын 12 жана Армениянын 18 аскери набыт болгону айтылууда.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG