Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Президент Алиев Ереванды чагым салууда деп күнөөлөдү


Азербайжандын президенти Илхам Алиев
Азербайжандын президенти Илхам Алиев

Азербайжан президенти Илхам Алиев Армения бийлигин “Тоолуу Карабак жаңжалын чечүүнүн жолун издегиси келбей жатат” деп күнөөлөдү. ТАСС агенттиги тараткан кабарга ылайык, бул тууралуу Алиев жекшембиде АзТВ мамлекеттик каналынан чыгып сүйлөгөндө айтты.

“Интерфакс” агенттиги Азербайжан мамлекет башчысынын айткандарына таянып кабарлагандай, Баку ок атышпоо режимин бузган эмес жана Еревандын чагым уюштуруу аракетине гана жооп кайтарган.

- Азербайжан бул жаңжалды тынчтык жолу менен чечкенге кызыкдар. Бирок биз алдыдагы жолугушууларды уюштуруу максатын гана көздөгөн сүйлөшүүлөргө катышпайбыз,- деди Алиев.

Азербайжандын аймагындагы чырлуу Тоолуу Карабак автономиясындагы ишемби күнкү катуу салгылаштан Азербайжандын 12, Армениянын 18 аскери набыт болгону айтылган.

Жекшемби күнү Баку согуштук аракеттерди бир тараптуу токтотконун билдирген. Бирок Армения коңшулардын бул чечимине ишенбей турганын айтат.

XS
SM
MD
LG