Линктер

шаршемби, 18-январь, 2017 Бишкек убактысы 14:42

9-апрелде Бишкектеги кино үйүндө Тажикстандын Жерге-Тал аймагында жашаган кыргыздар тууралуу тартылган “Каратегинден кат” аттуу даректүү тасманын бет ачары өтөт. Бул тууралуу киноматография департаментинен билдиришти.

Тасмада Жерге-Талдагы этникалык кыргыздардын күнүмдүк жашоосу, алардын тарыхий мекенине болгон кусалыгы чагылдырылган.

Даректүү тасма “Чагалдак филмз” (Кыргызстан), “Cinedoc” (Франция) киностудиялары жана Швейцария элчилигинин колдоосу менен тартылган. Фильмдин режиссеру “Азаттыктын” Прагадагы кабарчысы Жаңыл Жусупжан болуп саналат. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG