Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:53

Өкмөт депутаттын Бакиев боюнча дооматын четке какты


Максим Бакиев
Максим Бакиев

КСДП фракциясынын депутаты Эльвира Сурабалдиеванын “өкмөт Максим Бакиев боюнча соттук доодон баш тартты” деген дооматын кыргыз өкмөтү четке какты. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, кыргыз тарап Максим Бакиевди Кыргызстанга экстрадициялап, кылмыш жообуна тартуу аракеттерин улантып жатат.

Бүгүн депутат Сурабалдиева Фейсбуктагы баракчасына Максим Бакиев баш калкалап жаткан Улуу Британияга барып келгенин, кыргыз өкмөтү ага коюлган доодон баш тартканын ошол жерден билгенин жазган. Анын маалыматы боюнча өкмөт лондондук адвокаттарга төлөгөнгө акчабыз жок деп ушундай чечимге барган.

Качкын президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев Кыргызстанда бир катар оор кылмыштар боюнча сыртынан өмүр аягына чейин соттолгон. Ал 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан бери Улуу Британияда баш калкалап келет.(UEz)

XS
SM
MD
LG