Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:55

Грекия мигранттарды Түркияга кайтара баштады


Бул Европа Биримдигинин миграция агымын жеңилдетүү планынын алкагында жасалган биринчи кадам болуп калды.Түркия желеги менен эки кеме Лесбос аралынан 4-апрелде жөнөп кеткени кабарланды. Пакистан жана бангладештик мигранттар Түркиянын Дикили жергесине алып барылат. Түрк бийликтери 500дөй мигрант келерин күтүп жатышканын билдирди.

Европа жана Түркия жетишкен келишимге ылайык, Анкара Грекияга мыйзамсыз келген мигранттардын баарын кайра алууга макул болгон. Анын ордуна Европа Биримдиги Түркиядагы миңдеген сириялык качкындарды алууга, визаны жеңилдетүүгө, Европа Биримдигине мүчөлүк боюнча сүйлөшүүнү илгерилетүүгө жана 3 млрд евродон ашуун жардам бөлүүгө убада кылган.

Укук коргоочулар эки тараптын мындай келишимин сынга алып, ал качкындардын укугун бузарын, келишимди аткарууга даярдык начар экенин билдирген. (AiT)

XS
SM
MD
LG