Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:09

Кремлге жакын адамдардын ири суммада акча которуулары ачыкка чыкты


Орусиядагы коррупцияга каршы жүрүш.
Орусиядагы коррупцияга каршы жүрүш.

Иликтөө журналисттеринин эл аралык консорциумунун маалымдоосуна караганда, орус прездинти Владимир Путин менен байланыштагы адамдар оффшордук компания аркылуу 2 млрд. доллар которгон. Панама-кагаздары деген аталышка ээ болуп калган иликтөөнүн жыйынтыктары 3-апрелде жарыяланды. Анда Орусия эле эмес, дүйнөдөгү башка саясий лидерлердин жана коомдук ишмерлердин салык төлөө жана катталып, мыйзамдуу иш жүргүзүүдөн качкан схемалары ачылган. Түрдүү тилдеги маалымат агенттиктерде жарыяланган иликтөө баяндамасында Пакистан, Исландия өкмөт башчылары, Азербайжан президентинин балдары, Сауд Арабиясынын падышасы жана башка жогорку даражалуу адамдардын шектүү акча которуулары келтирилген. Панамада жайгашкан Моссак Фонсека компаниясы аркылуу жүргүзүлгөн бул иштерди ачууда электрондук каттар, корпоративдик баяндамалар жана башка кагаздар колдонулган. (AiT)

XS
SM
MD
LG