Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:10

Азербайжан Тоолуу-Карабакта ок атууну токтотконун жарыялады


Тоолуу Карабак.

Тоолуу Карабак.

Ал эми Армения менен байланышкан жикчилдер кагылышуу жүрүп жатканын жана алар Азербайжан тарап ээлеп алган бийиктиктерди кайра кайтарып алганын билдирди. Азербайжан коргоо министрлигинин маалымат катчысы Вагив Даргехли кагылышуу башталганы тууралуу буларды маалымдаган эле:

- Азербайжан аймагын, Тоолуу-Карабакты жана анын айланасындагы жерлерди басып алган армян куралдуу күчтөрү эки өлкө аскерлери бет маңдай турган чекте 2-апрелге караган түнү тынч адамдарды жана биздин куралдуу күчтөрдү аткылоого киришти. Азербайжан куралдуу күчтөрү жооп берүүгө аргасыз болду. Тынч жарандар арасында жоготуулар бар.

Дүйнөлүк коомчулуктун Тоолуу-Карабак маселесин дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырган үнүн тыңшап, 3-апрелде Азербайжан ок атууну токтотконун маалымдаган эле. 20 жылдан ашык мезгилден бери чечилбей келаткан жаңжалдагы бул өтө ири кагылышуу болуп кетти. Анда Армениянын 18 аскери, Азербайжандын 12 аскери өлгөнү кабарланды. Азербайжан президенти Илхам Алиев телекөрсөтүү аркылуу кайрылуусунда “чоң жеңиш” болгонун белгилеп, Азербайжан ок атууну токтотулушуна байкоо саларын билдирди.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG