Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:27

Пакистандагы суу ташкындан ондогон кишилер набыт болду


Пакистандагы суу ташкын.

Пакистандагы суу ташкын.

Жекшембиде өлкөнүн түндүк батышында нөшөрлөп жааган жаан Хайбер Пахтунхва чөлкөмүнүн бир катар райондорунда жана Кашмирдин Пакистанга караган бөлүгүндөгү Нилам өрөөнүндө суу ташкынга алып келди. Бери дегенде 53 киши каза тапты, 60 чактысы ооруканаларга жеткирилди. Эң чоң зыян тарткан Шангла районунда 14 киши набыт болду.

Кохистанда жаан чачын жер көчкүну пайда кылып, 12 кишинин өмүрү кыйылды. 40ка жакын турак жай урап калды. Пакистанда жайкы муссондор маалында алыскы айыл-кыштактарды суу каптап, турак жайлар менен имараттар талкаланган учурлар көп болот. Өткөн жылы табигый кырсык 81 кишинин өлүмүнө алып келген, 300 миңден көбү жапа чеккен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG