Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Тоолуу Карабактагы кагылышууда Азербайжандын дагы үч аскери окко учту


Тоолуу Карабактагы уруш.
Тоолуу Карабактагы уруш.

Армения жана Азербайжандын куралдуу күчтөрүнүн ортосунда үч күндөн бери кагылышуу жүрүп жатат. Азербайжандын Коргоо министрлиги Тоолуу-Карабактагы жикчилдер Азербайжан позицияларын жана айылдарды гранатомет жана миномет менен аткылап жатканын 4-апрелде маалымдады. Үч күндүк кагылышуудан ошону менен жалпысынан Азербайжан тараптан 15 киши набыт болду. Армения тараптан 18 киши өлгөнү кабарланган.

Армениянын Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Артсрун Хованисян армян куралдуу топтору “алдыга жылып, жаңы позицияларды ээлегенин” билдирди. Азербайжан тарап аны төгүнгө чыгарууда. Батыш жана Орусия 2-апрелде чыгып кеткен ок атышууну токтотууга эки тарапты тең чакырды. (AiT)

XS
SM
MD
LG