Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:14

Аба ырайы: жаан жаайт


2016-жылдын 4-5-апрелинде жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137, 198-265 чакырымдары) жана Каракол- Эңилчек (45-90 чакырымдары) жана Ала-Бука-Канышкыя (70-90 чакырымдары) авто унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

4-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

5-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактарда автожолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;

Таласта түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17;

Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20;

Баткенде түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;

Көл кылаасында түнкүсүн -2…+3, күндүз +11…+16;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +11…+16;

5-апрелде Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр болот. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 3…5° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 16…18° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG