Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:06

Армения Тоолуу-Карабактагы кагылышуулар чоң согушка алып келерин эскертти


Армения, Ереван, 3-апрель.

Армения, Ереван, 3-апрель.

Ереван Тоолуу-Карабакты көз карандысыз мамлекет катары таанууга барарын ырастады. Бул арада Азербайжан бийлиги жикчилдер менен кагылышууда жаңы жоготуулар болуп, аларды жалпы саны 15ке жеткенин кабарлады. Армения колдогон жикчилдер 2-апрелде башталган кагылышуудан 18 кишисин жоготконун билдирген. Азербайжан бийлиги ок атууну токтотконун маалымдады. Бирок Армения ал үчүн тараптар мурунку ээлеген орундарында калыш керектигин билдирди.

4-апрелде ЕККУнун элчилери менен жолугушууда армян президенти Серж Саркисян 1994-жылы жетишкен ок атууну токтуу келишимин Баку тарабынан аткарылышын дүйнөлүк мамлекеттер камсыз кылбаса, эл аралык коомчулуктун тынчтыкка үндөөсү натыйжа бербейт деп ырастады.

Кагылышуунун андан ары өрчүшү толук кандуу согушка алып келет деген Саркисян, ок атууну токтотуу режимин күчөтүүнү, байкоочуларды көбөйтүүнү ЕККУга сунуштады.

Азербайжан президенти Илхам Алиев телекөрсөтүү аркылуу кайрылуусунда 2-апрелде “чоң жеңиш” болгонун билдирип, Азербайжан ок атууну токтотуу режимин сактарын, эгерде Армения чабуулун токтотпосо бардык күчтөрү менен сокку урарын эскертти. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG