Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

ЕККУ Тоолуу Карабактагы кырдаалды талкуулайт


Уруш маалында жарадар болгондор.
Уруш маалында жарадар болгондор.

Венада бүгүн өтөрү күтүлүп жаткан ЕККУнун Минск тобунун жолугушуусуна Орусия, Франция, АКШ катышат. 4-апрелде орус тышкы иштер министри Сергей Лавров жана АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Карабактагы жаңжалды телефондо талкуулашып, кагылышууларды тез арада токтотуу зарылдыгын белгилешти. Дүйшөмбүдө өзүн төбөлсүз республика деп жарыялап алган Тоолуу Карабактын өкүлү Артак Бегларян армян ыктыярчылары түшкөн автобуска Азербайжандын учкучсуз учагы сокку уруп, 7 адам мерт кеткенин кабарлаган. Армениянын Коргоо министрлиги да Тоолуу Карабакта салгылашуу токтой электигин айтып, Бакуну кырдаалды өз пайдасына өзгөртүп алууга жетишти деп айыптады.

Ал эми Азербайжан армян тарап азери айылдарын аткылоону токтотпосо, колундагы бардык оор согуштук жабдыктарды Степанакертти бутага алуу үчүн даярдоо тапшырмасын берди. Ереван болсо ок атышуулардын уланышы “кеңири масштабдагы согушка” жеткириши мүмкүн экенин, мындай болгон учурда Армения Тоолуу Карабактын көз карандысыздыгын таанууга даярдыгын айтууда.

Тоолуу Карабакта кырдаал 2-апрелге караган түнү курчуган. Тараптар ок атышуу келишимин бузду деп бири-бирине күнөөнү оодарышууда. Салгылашууларда эки тарап тең ондогон аскерлерин жоготту.

XS
SM
MD
LG