Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:10

Кыргызстан Тоолуу Карабак жаңжалын сүйлөшүү менен чечүүгө чакырууда


Тоолуу Карабак.
Тоолуу Карабак.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта айтылат. Анда өлкө Тоолуу Карабакта кырдаалдын чыңалып жатканына тынчсыздануу билдирип, эки жаатка бөлүнүп урушуп жаткан тараптарды чатакты тынч жол, сүйлөшүү аркылуу чечүүгө чакырык таштаган.

Ошондой эле кыргыз тарап жаңжалды дипломатиялык ыкма менен чечүүгө колдоо көрсөтүүгө даярдыгын белгилеген. 1994-жылдын 5-майында Тоолуу Карабак жаңжалын чечүү боюнча Бишкек протоколу кабыл алынган. Ал кезде тутанган конфликтте тараптарды элдештирүүдө Кыргызстандын "Легендарлуу парламенти" маанилүү роль ойногон. Коомчулукта азыр Жогорку Кеңеш да КМШдагы парламенттер аралык ассамблеянын алкагында арачылык кылуусу керек деген пикирлер айтылууда. (NT)

XS
SM
MD
LG