Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:11

Сирияда “Жабхатан-Нусра” лидери жана өзбек жоочулары өлтүрүлдү


"Жабхатан-Нусра" тобунун жоочуларынын бири.
"Жабхатан-Нусра" тобунун жоочуларынын бири.

Сириянын Идлиб облусундагы аба соккуларында “Жабхатан-Нусра” тобунун лидери менен кеминде 20 согушкер жок кылынды. Бул тууралуу Reuters агенттиги Сириядагы адам укуктары боюна обсерваториянын маалыматына таянып билдирди.

Кабарларга караганда, “Сириялык” деген каймана ат менен таанылган Абу Фирас Идлиб облусунун түндүк-батышындагы айылдардын биринде абадан урулган соккуда мерт кеткен. Аны менен кошо уулу жана өзбекстандык жоочулар набыт болушканы айтылууда. Чабуулду Дамаскинин өкмөт күчтөрү же орус учактары ишке ашырганы болжолдонууда.

“Ал-Каида” тобунун жетекчиси Усама бен Ладендин пикирлеши болгон Абу Фирас “Жабхатан-Нусра” тобунун атынан дайыма баяндамаларды жасап келген. 1980-жылдары ооганстандык можахеддердин катарында болгон.

АКШ жана Орусиянын катышуусунда түзүлгөн ок атышпоо келишими Сирияда 27-февралда күчүнө кирген. Бирок бул макулдашуу “Ислам мамлекети”, “Жабхатан-Нусра” сыяктуу экстремисттик топторго тиешелүү эмес.

XS
SM
MD
LG