Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Савченко кайрадан ачкачылык жарыялоону чечти


Савченко сот залында.
Савченко сот залында.

Орусияда 22 жылга эркиндиктен ажыратылган украиналык учкуч Надежда Савченко 6-апрелден баштап кайрадан кургак ачкачылык жарыялайт. Бул тууралуу анын адовкаты Николай Полозов Твиттерге жазды. Савченко бул нааразылык акциясы менен өзүн тез арада Украинага өткөрүп берүү талабын коёт.

Мурдараак Полозов учкуч айымдын ден-соолугу орточо экенин, суу гана ичип жатканын билдирген эле.

Украина чыгышында 2014-жылы орусиялык эки журналисттин өлүмүнө катышы бар деп айыпталган Надежда Савченкону сот быйыл 22-мартта 22 жылга камоо чечимин чыгарган. Өкүм 5-апрелде күчүнө кирди.

Савченко өзүнө коюлган айыпты мойнуна албай, кармоонун артында саясий оюн бар экенин белгилейт. Украина президенти Петро Порошенко Киевде камакта жаткан орусиялыктар менен алмашууга даяр экенин билдирген. Бирок Кремль буга макул эмес.

XS
SM
MD
LG