Бүгүн Бишкектеги Дене тарбия институтунун имаратында “Medexpo-2016” көргөзмөсү башталды. 11-ирет өтүп жаткан бул иш-чарада медициналык жабдуулар, дары-дармектер коюлган. Көргөзмө “Сергек жашоо”, “Дарыкана – 2016”, “Тиш догдурлук” деген бөлүмдөргө бөлүнүп, адистер жана каалоочулар үчүн жаңы өндүрүлгөн дарылар, жабдуулар көрсөтүлүп жатат.
Иш чара 7-апрелге чейин уланат. Ага бир катар жергиликтүү жана эл аралык компаниялар катышууда.(BCh)