Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:23

Обама менен Столтенберг террорго каршы күрөштө НАТОнун ролун талкуулашты


НАТО коопсуздук жана терроризм менен күрөштө Вашингтондун негизги өнөктөшү болуп кала берет. Бул тууралуу АКШ президенти Барак Обама НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен бирге өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

Жолугушууда НАТОнун Ливиядагы ролу жана мигранттар маселесин чечүүдө альянстын Евробиримдикке көрсөтө турган колдоосу талкууланды. Маалыматка караганда, согушкерлер менен күрөшүүдө Ливияга жардам берүү жана Ирак менен Иорданияда аскердик күчтөрдү даярдоо аркылуу “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөшүүдө НАТО маанилүү позицияны ээлейт.

Обама бийлик иштеп баштаган Ливия сыяктуу региондогу операцияларда туруктуу кызматташтыкты улантып жатканын кошумчалады.

Столтенберг ИМ ишмердүүлүгүн жүргүзгөн Ливия сындуу өлкөлөрдө альянс жардам берүүсүн улантарын жана абалды турукташтыруу жолдору каралып жатканын айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG