Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:12

Былтыр Кыргызстан менен АКШнын соода жүгүртүүсү эки эсе азайган


2015-жылы Кыргызстан менен АКШнын соода жүгүртүүсү 123,1 млн долларды түзгөн. Бул 2014-жылга салыштырмалуу 48 пайызга аз дегенди билдирет. Бул тууралуу экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди.

Анын айтымында, Борбор Азия өлкөлөрү менен товар алмашуу 1 млрд 337 млн долларды түзгөн. Бул өткөн жылдан 18,7 пайызга аз дегенди билдирет.

Кыргызстан 2015-жылдын жайында АКШ менен түзүлгөн 1993-жылкы эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимди бир тараптуу жокко чыгарган. Өкмөттүн мындай чечимине АКШ мамдепартаментинин Азимжан Аскаровго сыйлык берүүсү негиз берген. Аскаров июнь окуяларына күнөөлүү катары өмүр аягына чейин соттолгон. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG