Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:34

Парламент комитети президенттин 7-апрелде эс алуу сунушун жактырды


Жогорку Кеңештин конституциялык түзүлүш жана соттук-укуктук маселелер боюнча комитети 7-апрелди эс алуу күн катары белгилөө боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев 4-апрелде “Аксы окуясынын, Март жана Апрель элдик революцияларынын атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 7-апрелде майрам күн катары эс алуу сунушу парламентке жөнөтүлгөн. Мындан тышкары ар жылы 17-мартты Аксы окуясын, 24-мартты элдик ыңкылапты эскерүү күнү катары белгилөө сунушу өкмөткө берилген. (UEz)

XS
SM
MD
LG