Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

Таласта ымыркайды итке жедирткен келин кармалды


Талас шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайын итке жедирткен 25 жаштагы келин кармалып, эки айга камакка алынды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Максат Абысейитов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, 26-мартта шаардын көчөлөрүнүн биринде дене мүчөсүнүн айрым бөлүктөрү жок ымыркайдын жансыз денеси табылган. Тергөө ишинин жүрүшүндө ымыркайдын колу-бутун алабай пародасындагы ит жеп салганы аныкталган. Итти атып өлтүрүп, сойгон кезде ичинен ымыркайын дене мүчөлөрү чыккан.

Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Алдын ала маалымат боюнча келин 25-мартта төрөп, бага албайм деген шылтоо менен ымыркайды талаага таштаган.(UEz)

XS
SM
MD
LG