Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:44

Дүйнөдө семиз адамдар көбөйүүдө


Индиядагы ашыкча салмактуу адам
Индиядагы ашыкча салмактуу адам

Lancet журналында чыккан акыркы иликтөөгө караганда, дүйнөдө арык кишилерге караганда ашыкча салмактуулар басымдуулук кыла баштады.

1975-жылдан 2014-жылга чейин дүйнөдөгү бир нече миллион кишини иликтөөгө алган Лондондогу падышалык коллеждин илимпоздору акыркы мезгилде дүйнө калкы эткээл болуп баратканын белгилешет. Иликтөөдө 186 өлкөнүн 105 миллион калкынын 1975-жылы өлчөнгөн салмак индекси 2014-жылы 641 миллион адамдыкы менен салыштырылган.

Дүйнөлүк саламаттык уюмунун маалыматында, ушу тапта дүйнөдө 266 миллион эркек жана 375 миллион аял семиздердин катарында. Уюм ашыкча салмакты жаңы кылымдын коркунучтуу дарттарынын башына койгон. Кытай менен АКШ семиз атуулдары менен дүйнө өлкөлөрүнүн алдында турат. (BCh)

XS
SM
MD
LG