Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:03

Өзбек тараптын өкүлү: “Золотые пески” пансионаты акционердик коомго таандык


“Золотые пески” пансионатын Кыргызстандын менчигине алуу тууралуу маселени Ташкенттеги Чкалов атындагы авиациялык өнөр жай бирикмеси чечет деп билдирди “Азаттыкка” атын атагысы келбеген өзбек тараптын өкүлү.

- 1972-жылы “Золотые пески” пансионаты аталган заводдун акчасына курулган, азыр ал заводго акционердик коом ээлик кылат. Ошондуктан бул маселени акционерлер карап, чара көрүшөт деп ойлойм, - деди ал.

Ал эми Кыргызстандын экономика министри Арзыбек Кожошев 1992-жылкы КМШ мамлекеттеринин ортосундагы келишим боюнча буга чейин Өзбекстан пайдаланып келген төрт пансионатты Кыргызстанга алуу мыйзамдуу деп билдирди. Анын айтуусунда, 1970-1980-жылдары курулган бул пансионаттар СССРдин акчасына салынган. Ошондуктан Кыргызстан аларга толук ээлик кыла алат.

Премьер-министр Темир Сариев 4-апрель күнү Ысык-Көл жээгиндеги Өзбекстан пайдаланып келген төрт пансионат толугу менен Кыргызстандын мамлекеттик менчигине өткөрүлөрү тууралуу токтомго кол койгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG