Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:59

Бишкекте ок аткандар изделүүдө


Бишкектин Шабдан Баатыр жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде ок аткандарды кармоо боюнча операция жүрүп жатканын ички иштер министри Мелис Турганбаев “Азаттыкка” билдирди. Министр окуядан бир адам жаракат алганын ырастап, бирок анын ким экендигин ачык айткан жок.

Бүгүн кечки саат 7ден өткөндө көчөдө бараткан эки адамды көздөй «Субару-Легаси» үлгүсүндөгү ак түстөгү автоунаадагы адамдар төрт жолу ок чыгарашып, из жашырып кетишкен. Натыйжада эки адамдын бирине ок жаңылганы, экинчиси качып кетүүгө үлгүргөнү кабарланууда. Унаанын ичинде бир нече адам отурганын күбөлөр айтып беришкен. Мелис Турганбаев автоунаанын номуру жасалма болушу мүмкүндүгүн, азыр милициянын ыкчам тобу иштеп жатканын кошумчалады.

Алдын ала маалыматтарда ок тийген адам 30 жаштагы Токмок шаарынын тургуну экени, буга чейин Өзгөн райондук соту тарабынан карактоо үчүн жазага тартылганы маалымдалууда. Ошондой эле анын уюшкан кылмыштуу тобунун лидерлеринин бири делген, “Сакал” деген каймана ат менен белгилүү Улан Токтосуновдун жан-жөкөрү экени да жоромолдонууда. (NT)

XS
SM
MD
LG