Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:57

Жол кыймылын көзөмөлдөбөгөн кызматкерлер иштен алынды


Кайгуул-күзөт кызматынын автоунаасы эки ирет келип бурулуп өтүп кеткен.
Кайгуул-күзөт кызматынын автоунаасы эки ирет келип бурулуп өтүп кеткен.

Бишкек шаардык Жол кайгуул милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, кыйчалыш абалды жөнгө салууга аракет көрбөгөн үч кызматкер жумуштан айдалды. Өткөн жумада Тынчтык жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак өчүп калып, кымгуут пайда болуп, жарандардын бири жол кайгуул кызматкеринин милдетин аткарууга киришкен. Патрулдук милициялар түшкөн машине абалды жөнгө салууга эч кандай аракет көрбөй, бурулуп кетип калганы тартылган видео интернетке тарап кеткен.

Кечээ кайгуул милициясынын жетекчилиги автотыгынга кабылган унааларды жөнгө салган ыктыярчы жигитке сыйлык тапшырыларын кабарлады. Ички иштер министрлиги сунуштаган реформага ылайык, Кыргызстанда 1-апрелден тарта Кайгуул-күзөт милициясы ишке кирди. Аталган мекеме мурдагы Жол кайгуул кызматынын жана МАИнин милдетин аткарат. (NT)

XS
SM
MD
LG