Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:15

Турак жайга муктаж жарандар КТРКга нааразы


Коомдук телерадиоберүүлөр корпорациясы.

Коомдук телерадиоберүүлөр корпорациясы.

«Жеткиликтүү турак жай» жарандык кыймылы бүгүн Бишкектеги Горький эс алуу багында митинг өтө турганын кабарлады. Үйгө муктаждардын кызыкчылыгын коргогон активист Лейла Назгүл Сейитбек “Азаттыкка” билдиргендей, акцияда коомдук телеканалдан чындыкка дал келбеген маалымат жарыяланып жатканына нааразылык билдирилет.

Лейла Назгүл Сейитбек кошумчалагандай, эки миң адам кирген «Жеткиликтүү турак жай» жарандык кыймылы эки жылдан бери үй куруу үчүн жер алып, мамлекетке инвестор таап берип, маселени чечүүгө киришкен. 2-апрелдеги алардын чогулушуна келген КТРКнын журналисттеринин бул аракет боюнча даярдаган маалыматын аталган кыймылдын өкүлдөрү ушак катары баалап жатышат. (NT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG