Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:38

Отунбаева: Бакиевди колдогондор дале бийликте жүрөт


Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

Качкын президент Курманбек Бакиевди колдоп, чуркап жүргөндөр дале бийликте жүрөт. Мындай оюн экс-президент Роза Отунбаева Өмүрбек Текебаев жазган китептин бет ачарына билдирди. Ал буга мисал катары Данияр Усеновдун аялы уялбай эле парламентте отурганын айтты.

"Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Апрель элдик революциясынын 6 жылдыгына арнап “Убактылуу өкмөт” аттуу китеп жазып, бүгүн жаңы эмгектин бет ачары өтүп жатат. Аталган китепте 2010-жылдын 7-апрелинен 21-декабрга чейин иш жүргүзгөн ошол кездеги убактылуу өкмөттүн ишмердиги чагылдырылган. Китепти Өмүрбек Текебаев белгилүү юрист Мурат Укушов менен биргелешип жазган. (ZKo/UEz)

XS
SM
MD
LG