Район акими Сонунбек Акпаралиев Көк-Таш айыл өкмөтүнүн Арап айылын көздөй өзбек тараптын жол салып келе жатат деген маалыматтын четке какты.
- Кечээ ал жерди барып көрдүк, бирок өзбек чек арачылары көрүнбөйт. Айылдыктарга такталбаган жерге мал кайтарууга болбостугун жана ал жерлерге жакын барбоосун түшүндүрдүк, - деди Акпаралиев.
Мындан мурдараак Ала-Бука районундагы Көк-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Арап айылына жакын такталбаган тилкеге өзбек тарап унаа жолун куруп жатканын жергиликтүү кеңеш депутаттары “Азаттыкка” кабарлашкан.
Көк-Таштан 18 чакырым алыс жайгашкан Арап айылында 150гө жакын түтүн жашайт. Ал жерде Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда 19 миң гектардан ашык такталбаган жер бар.(UEz/RsK)