Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:53

Комиссия Малабаевдин жоопкерчилигин кароону чечти


Жол курулушу.
Жол курулушу.

Өкмөт башчы Темир Сариевдин тапшырмасы менен түзүлгөн мекемелер аралык комиссия Балыкчы – Корумду жолунун курулушундагы мыйзам бузууларды иликтеп, өз бүтүмүн чыгарды. Комиссия аталган жолду курууга өткөрүлгөн тендерде бир катар мыйзам бузууларга жол берилгенин баса белгилеп, мындан улам транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаевдин жоопкерчилигин кароо сунушун өкмөт башчыга берди.

104 чакырымга созулган Балыкчы – Корумду жолун калыбына келтирүү үчүн бюджеттен 7 миллиардга жакын сом бөлүнгөн. Транспорт министрлиги өткөргөн тендерде жол куруу укугун лицензиясы жок кытайлык “Лонг Хай” компаниясы уткан.

Буга чейин “Азаттык” аталган жолдун курулушундагы мыйзам бузуулар боюнча “Жолдон жонулган жашылдар” аттуу теле иликтөө даярдаган болчу. Аргынбек Малабаев 2010-2015-жылдары “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасын жетектеген. Ал 2015-жылдан бери транспорт жана коммуникация министри болуп иштеп келаткан. (UEz)

XS
SM
MD
LG