Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:02

Савченко кайрадан кургак ачкачылык жарыялады


Орусияда соттолгон учкуч Надежда Савченко өзүн Украинага кайтарууну талап кылып кургак ачкачылык баштады. Бул тууралуу анын жактоочусу Марк Фейгин Твиттерге жазды.

Буга чейин Савченко сот акыркы сөз бербей койгону үчүн бир жума ачкачылыкта отурган.

22-мартта Ростов облусунун Донецк шаардык соту Савченкону эки орусиялык журналисттин өлүмүнө катышы бар деп айыптап, 22 жылга кескен.

Савченко бардык айыптоолорду четке кагып, орусиялык соттун өкүмүн тааныбай тургандыгын айтып, ага каршы даттануудан баш тарткан. Ал эгер мекенине кайтарылбаса, өкүм күчүнө кирген 5-апрелден тарта ачкачылык жарыяларын убада кылган.

Украина президенти Петр Порошенко Савченкону Донбасстагы атайын операция аймагында кармалган орусиялык аскер кызматкерлери Александр Александров менен Евгений Ерофеевге алмашууга даяр экендигин билдирген.

Кремль мындай алмашуу “теориялык жактан алганда мүмкүн” экендигин, акыркы чечимди орус президенти Владимир Путин гана кабыл аларын баса белгилеген.

XS
SM
MD
LG