Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:17

ЕАЭБдин Еревандагы саммити болбой калды


Тоолуу Карабак жаңжалы.
Тоолуу Карабак жаңжалы.

Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын Еревандагы саммити кийинкиге жылдырылды. 7-8-апрелде белгиленген жолугушуу Тоолуу Карабактагы кырдаалдан улам болбой калганын РБК медиахолдинги билдирет.

Бейрасмий маалыматка караганда, Орусия, Казакстан, Беларус, Кыргызстан жана Армения мүчө болгон бул биримдиктин жолугушуусу чатакташтан тараптардын бирин колдоо катары каралат.

Ошондой эле ал кийинчерээк Москвада өтөрү болжолдонууда.

Ереван саммитине мурдараак казак премьери Карим Масимов барбай турганы айтылган.

“Новости” агенттигинин билдиришинче, жолугушууну жылдырууну ЕАЭБде төрагалык кылган Казакстан демилгелеген.

XS
SM
MD
LG