Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:23

Аба ырайы: 7-апрелде жаан жаайт


Соң-Көл
Соң-Көл

8-апрелде күндүз жана 9-10-апрелде Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарда жаан, ал эми 9-апрелде күндүз жана 10-апрелде түнкүсүн тоо этектеринде жаан карга айланат, тоолуу райондордо кар жаайт. Кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын болот. Бийик тоолуу аймактардын автожолдору тайгак, тоолордо муз болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет.

7-апрелде айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу автожолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17;

Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;

Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21;

Баткенде түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18;

Көл кылаасында түнкүсүн -2…3, күндүз 9…14;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…2, күндүз 11…16.

7-апрелде Бишкек шаарында ала булут каптап турат, жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 4…6° жылуу, күндүз 14…16° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG