Линктер

бейшемби, 30-март, 2017 Бишкек убактысы 15:17

Президенттин аппараты транспорт министри Аргынбек Малабаевди иштен алуу боюнча Темир Сариевдин сунушун артка кайтарды. Бул тууралуу өлкө башчысынын аппаратынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Сариевдин сунушу мыйзамдык күчкө ээ болбогондуктан четке кагылды.

Темир Сариев бүгүн транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаевди кызматтан алуу боюнча сунушун президентке жолдогон. Мындай чечимге Малабаевдин Балыкчы – Корумду жана аэропорт жолунун курулушунда кетирген кемчиликтери себеп болгон.

Буга чейин “Азаттык” аталган жолдордун курулушундагы мыйзам бузуулар боюнча “Жолдон жонулган жашылдар” аттуу телеиликтөө даярдаган болчу. Аргынбек Малабаев 2010-2015-жылдары “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасын жетектеген. Ал 2015-жылдан бери транспорт министри болуп иштеп келаткан. (UEz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG