Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

AI: 2015-жылы өлүм жазасына тартылгандар 54% көбөйдү


2015-жылы андан мурдагы жылга салыштырганда өлүм жазасына тартылгандар 54% көбөйгөн. Дүйнө өлкөлөрүндө сот 1634 адамды өлүмгө буйруган. Бул акыркы 25 жылдагы эң чоң көрсөткүч.

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюмунун маалыматына караганда, өлүм жазасынын 90% Иран, Пакистан жана Сауд Аравиясында колдонулган. Иранда кылмыш учурунда 18ге чыгалек балдар да өлүмгө кесилгени, бул эл аралык укук нормаларын бузары белгиленет.

Ошондой эле психикалык саламаттыгы начар адамдарды өлүмгө тартуу да укук нормаларына шайкеш келбеси айтылат. Мындай эреже бузгандардын арасында АКШ да бар.

Кытайда өлүм жазасы боюнча маалыматтар мамлекеттик сыр болгондуктан статистикага кирген эмес. Бирок укук коргоочулар бул өлкөдө жыл сайын миңдеген адам сот чечими менен өмүрүнөн айрыларын болжошот.

Ошол эле учурда баяндамачылар өлүм жазасын колдонуудан Мадагаскар, Фиджи, Суринам, Конго өлкөлөрү жана Кошмо Штаттардагы Пенсильвания штаты баш тартканын да белгилешкен.

XS
SM
MD
LG