Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:59

Астана АКШдан соттолгондорду өткөрүп берүүнү өтүндү


Бостондогу жардырууга айыпталган Жохар Царнаев.

Бостондогу жардырууга айыпталган Жохар Царнаев.

Казакстан Америкада эркинен ажыратылган эки жаранын мекенине кайтарууну, алардын абак жазасын өз жеринде өтөөсүн өтүнүп АКШга кайрылды.

Алардын бири - былтыр АКШда алты жылга эркинен ажыратылган Казакстандын жараны Дияс Кадырбаев. Ага 2013-жылдын 15-апрелиндеги Бостон марафонунун марасындагы теракт жөнүндөгү ишти иликтөөгө жолтоо болгон деген айып тагылган. Ушул эле иш боюнча үч жарым жылга кесилген экинчи казак жараны – Азамат Тажаяковдун туугандары аны АКШдан Казакстанга которуу өтүнүчү менен кайрылбагандыгын Башкы прокуратура кабарлады.

Мекенине кайтаруу өтүнүчү дагы бир казак жараны Асел Абдыгаппаровага байланыштуу берилди. Ал адам өлтүрүүгө катышты деген айып менен Техастагы түрмөдө 28 жылдык жазасын өтөөдө.

Казакстан 2015-жылдан бери чет өлкөдө жаза өтөө жөнүндө конвенциянын катышуучусу болуп саналат. Конвенция ага кол койгон мамлекеттердин ортосунда жарандарды өткөрүп берүү тартибин аныктайт.

Казакстандын Башкы прокуратурасы акыркы беш жылда чет жактарда соттолгон 158 казакстандыкты кайтарып алганын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG