Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19
Маркумдарды эскерүү, 7-апрель, 2016-жыл
Маркумдарды эскерүү, 7-апрель, 2016-жыл

Томсоргон бейит, жүрөктү эзген күйүт

2010-жылдын 7-апрелинде окко учкан маркумдардын туугандары, жабыркагандар жана президент Алмазбек Атамбаев баштаган бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде куран окутулуп, мүрзөлөрүнө гүл коюлду.

Бүгүн Кыргызстанда 2010-жылдагы апрель апаатына туура алты жыл толду. 2010-жылы 7-апрелде Бакиевдин бийлигине каршы демонстрацияга чыккан элге ок атылган. Андан 90го жакын киши өлүп, 300дөн ашууну жаракат алган.

Апрель апаатына байланыштуу соттук териштирүү дале аягына чыга элек.

13:28 7.4.2016

12:51 7.4.2016

12:30 7.4.2016

Алты жылда 36 апрелчи каза болду

2010-жылдын 7-апрелиндеги ыңкылапта жаракат алагандардын 36сы каза болду. Бул тууралуу “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин жетекчиси, КСДП фракциясынын депутаты Мээрбек Мискенбаев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтуусунда, буга чейин октон жаракат алгандардын 35и каза болсо, кечээ Кочкор районунда дагы бир Апрель баатыры көз жумду.

2010-жылдын 6-7-апрелиндеги элдик ыңкылапта кызматтан оодарылган Бакиевдик бийлик огунан 87 адам окко учуп, 300дөн ашыгы ар кандай жаракаттарды алышкан. Бүгүн мына ушул кандуу окуялардын 6 жылдыгы эскерилүүдө.

12:20 7.4.2016

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG