Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:00
Маркумдарды эскерүү, 7-апрель, 2016-жыл
Маркумдарды эскерүү, 7-апрель, 2016-жыл

Томсоргон бейит, жүрөктү эзген күйүт

2010-жылдын 7-апрелинде окко учкан маркумдардын туугандары, жабыркагандар жана президент Алмазбек Атамбаев баштаган бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде куран окутулуп, мүрзөлөрүнө гүл коюлду.

Бүгүн Кыргызстанда 2010-жылдагы апрель апаатына туура алты жыл толду. 2010-жылы 7-апрелде Бакиевдин бийлигине каршы демонстрацияга чыккан элге ок атылган. Андан 90го жакын киши өлүп, 300дөн ашууну жаракат алган.

Апрель апаатына байланыштуу соттук териштирүү дале аягына чыга элек.

10:38 7.4.2016

10:42 7.4.2016

“Ата-Бейитте” апрель курмандыктары эскерилди

2010-жылдын 7-апрелинде окко учкан маркумдардын туугандары, жабыркагандар жана президент Алмазбек Атамбаев баштаган бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде куран окутулуп, мүрзөлөрүнө гүл коюлду. Атамбаев сөз сүйлөгөн жок. Алты жыл мурда 7-апрелде ок жаңылып каза тапкан 90го чукул адамдын 30га жакынынын сөөгү "Ата-Бейитке" коюлган.

Калгандарынын сөөктөрүн жакындары туулган жерлерине алып кетишкен. Бишкектин четинде жайгашкан "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси 2000-жылы негизделген. Бул жерде 1937-38-жылдардагы репрессиянын 137 курмандыгынын да сөөгү жатат.

12:19 7.4.2016

12:20 7.4.2016

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG