Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:02

Темир Сариев кытайлык компанияга жан тартпаганын билдирди


Темир Сариев
Темир Сариев

Өкмөт башчы Темир Сариев Балыкчы – Корумду автожолун куруп жаткан кытайлык компанияда жеке кызыкчылыгы болбогонун айтып, Транспорт министри Аргынбек Малабаевдин айыптоолорун четке какты.

- Аргынбек Малабаев министр катары Балыкчы – Корумду жолунун курулушу боюнча жеке жоопкерчилик тартат. Аталган долбоорду ишке ашыруудагы мыйзам бузуулар коомчулукка белгилүү боло баштаганда ал күнөөнү башкаларга оодарып жатат. Малабаевдин айткандары чындыкка коошпойт, - деп айтылат Сариевдин тараткан билдирүүсүндө.

Кечээ, 6-апрелде Аргынбек Малабаев жол чырын иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынында орун басары Улан Уезбаев менен Темир Сариев тендерде уткан кытайлык “Лонг Хай” компаниясына жан тартканын ачык айткан. 104 чакырым Балыкчы – Корумду жолун калыбына келтирүүгө алгач ирет бюджет эсебинен 6,8 млрд сом бөлүнгөн. Депутаттык комиссиянын маалыматы боюнча долбоор 1,2 млрд сомго кымбат бааланып, кытайлык компания мыйзам бузуулардын негизинде тендерден уткан. (UEz)

XS
SM
MD
LG