Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:04

Малабаев: кытайлык компания орун басарымдын досторуна таандык болгон


Аргынбек Малабаев
Аргынбек Малабаев

“Балыкчы – Корумду” автожолун куруу боюнча тендерди уткан кытайлык “Лонг Хай” компаниясы транспорт министринин орун басары Улан Уезбаевдин жакын досторуна таандык. Бул тууралуу министр Аргынбек Малабаев “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.

- Компанияны жетектеген Азамат Жунушалиев, Эрнист Жунушалиев деген жигиттер менин орун басарым Уезбаевдин жакын достору. Алар “Ак-Шумкар” партиясынан болушат. Уезбаев мен жокто бардык келишимдерге өзү кол коюп салган, - деди Малабаев.

Улан Уезбаев министрдин айткандарын жалган жалаа катары жокко чыгарууда. Анын айтымында, тендерде уткан компанияга Малабаев өзү макулдук берген. Кытайлык “Лонг Хай” компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн Азамат Жунушалиев аттуу жаран жетектейт. Өкүлчүлүк былтыр күзүндө тендерден уткан соң гана ачылган.

104 чакырым Балыкчы – Корумду жолун калыбына келтирүүгө алгач ирет бюджет эсебинен 6,8 млрд. сом бөлүнгөн. Депутаттык комиссиянын маалыматы боюнча долбоор 1,2 млрд. сомго кымбат бааланып, кытайлык компания мыйзам бузуулардын негизинде тендерден уткан. (UEz)

XS
SM
MD
LG