Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Екатеринбургда каза болгон Айганыштын сөөгү жерге берилди


Айганыш
Айганыш

Орусиянын Екатеринбург шаарында жансыз денеси табылган 14 жаштагы Айганыштын сөөгү өзү туулуп-өскөн Өзгөн районунун Мырзаке айлында жерге берилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” маркумдун жакындары билдирди. Айганыштын сөөгү Екатеринбургдан кечээ келген.

4-январда дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Айганыштын сөөгү 3-апрелде табылган. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат. Алдын ала маалымат боюнча ал суукка тоңуп өлгөн болушу мүмкүн.

Төрт баланын улуусу Айганыш бала багып акча табуу үчүн Екатеринбургдагы тааныштарына 2014-жылы июнда барган. Атасы түрмөдө болгондуктан апасы Айганыш салган акча менен насыясын төлөп келген.(UEz)

XS
SM
MD
LG