Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:35

8-апрелге карата аба ырайы


Талас. Манас Ордо
Талас. Манас Ордо

8-апрелде күндүз жана 9-10-апрелде Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарда жаан, 9-апрелде күндүз жана 10-апрелде түнкүсүн тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы. Кээ бир райондорда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү жана жолдор тоңголок, тайгак болушу мүмкүн. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши ыктымал. 7-апрелде айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу автожолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

8-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Тоолуу аймактарда автожолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17;

Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17;

Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20;

Баткенде түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18;

Көл кылаасында түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…3, күндүз 13…18.

8-апрелде Бишкек шаарында түнкүсүн жана түшкө чейин жаан-чачын күтүлбөйт, түштөн кийин жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 6…8° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 14…16° жылуу болушу күтүлөт.

XS
SM
MD
LG