Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:42

Азербайжан жикчилерди ок атышпоо келишимин бузганы үчүн айыптады


Тоолуу Карабак

Тоолуу Карабак

Азербайжан бийлиги Тоолуу Карабактагы жикчилер эки тарап ортосундагы ок атышпоо боюнча келишимди бир канча жолу бузганын айтып чыкты. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин бүгүнкү маалыматына караганда, соңку 24 саат ичинде жикчилдер бул келишимди 119 жолу бузган. Министрлик ошондой эле армян күчтөрү Нахчыван эксклавындагы райондорду аткылаганын билдирди. Нахчыван Азербайжандын Армения, Иран жана Түркия менен курчалган аймагы.

Тоолуу Карабакта 2-апрелге караган түнү башталган кагылыш төрт күнгө уланып, тараптар 5-апрелде ок атышууну токтотуу боюнча макулдашкан. Өзүн өзү жарыялап алган Тоолуу Карабак бийлиги төрт күнгө созулган бул урушта 29 жоокер каза болуп, 28и дайынсыз жоголгонун, Азербайжан 31 жоокеринен айрылганын билдирген.

Баку менен Ереван 1990-жылдагы Тоолуу Карабак чатагынан кийин касташып калган. Армения колдогон жикчилдер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен этникалык армяндар байырлаган бул аймагын ээлеп алган.

30 миңдей кишинин өмүрүн алган 90-жылдагы чатактан кийинки абалды жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттер азырынча майнап бере элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG