Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:37

Порошенко: Нидерланддагы референдум Европанын биригишине каршы багытталды


Украин президенти Петро Порошенко

Украин президенти Петро Порошенко

Украин президенти Петро Порошенко Украина менен Евробиримдиктин ассоциация келишими боюнча Нидерланддагы референдум Европа биримдигине жана баалуулуктарына каршы багытталган деп эсептейт. Президент добуш берүү жыйынтыгы Украинанын Европага жакындашуусуна стратегиялык тоскоолдук жаратпасын Твиттерге жазды

Нидерланд премьер-министри Марк Рютте өкмөт референдумдун жыйынтыгына көз жумуп кое албасын, андыктан аталган келишимди ратификациялоо маселеси кайра каралышы ыктымалдыгын билдирди. Алдын-ала эсептерге караганда, 6-апрелдеги добуш берүүгө катышкандардын 61 пайыздан ашууну келишимдин жактырылышына каршы добуш берсе, 38 пайыздан көбү колдогон. Украина менен ассоциация келишимин колдоо керекпи же жокпу деген суроо коюлган референдумга талап кылынган 30 проценттен бир аз ашык шайлоочу катышты. Расмий жыйынтык 12-апрелден кийин белгилүү болот.

Буга чейин Евробиримдиктин 28 өлкөсүнүн 27си аталган келишимди ратификациялаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG