Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:57

Түркмөнстанда ВИЧке чалдыккандардын никелешүүсүнө тыюу салынды


Түркмөн айылындагы жай турмуш.

Түркмөн айылындагы жай турмуш.

Түркмөнстанда кабыл алынган жаңы мыйзамга ылайык, үй-бүлө курууну каалагандар адегенде ВИЧ инфекциясына анализ тапшырууга милдеттүү. Анализи начар чыккандарга баш кошууга болбойт. Мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлашкандай, бул чара ден соолугу чың үй-бүлөлөрдүн курулушуна шарт түзүү жана ВИЧ инфекцияланган балдардын төрөлүшүн алдын алуу үчүн көрүлүүдө. ВИЧке анализди ошондой эле эми маңзаттарын колдонууга шектелгендер, Түркмөнстанда жумуш визасын алууну каалаган чет өлкөлүктөр, абакка кесилгендер жана донорлор тапшырууга милдеттүү.

Президент Гурбангулы Бердимухаммедов кол койгон мыйзам ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдардын бекер дарылануусун да камсыздайт. 2002-жылы түркмөн бийлиги өлкөдө бул илдетке чалдыккан эки учур тууралуу билдирген. Ушу азырга чейин бул ооруга чалдыккандар тууралуу маалымат айтыла элек.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG