Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Казакстандын түндүгүндөгү бир канча айылды суу каптады


Түндүк Казакстан облусунун Тайынша районунда кардын тез эрип кетишине байланыштуу бир нече айыл суу астында калды. Үч күндүн ичинде Келлеровка кыштагында 40 чакты турак үйдү суу каптады. Алардын тургундары башка жерлерде баш калкалоого аргасыз болууда.

Суунун деңгээли кооптуу чектен бир жарым метрге ашып, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Буга чейин Красная Поляна жана Держановка айылдарында чукул кырдаал жарыяланган. Суу каптаган жерлерде мектептер убактылуу жабылды. Бийлик суунун деңгээли дагы көтөрүлүшү мүмкүндүгүн эскертүүдө.

XS
SM
MD
LG