Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

Апрель баатырларына арналган волейбол боюнча турнир өттү


Апрель баатыры Алымбек Аракеев
Апрель баатыры Алымбек Аракеев

Бүгүн, 7-апрелде Бишкек шаарындагы Ак-Өргө жаңы конушунда Апрель баатыры Алымбек Аракеевдин жаркын элесине арналган волейбол боюнча турнир өткөрүлдү. Турнирди Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Алайкуу өрөөнүнүн тургундары уюштуруп, ага Бишкекте жашаган алайкуулуктар катышты. Иш-чаранын башталышында Алымбектин жаркын элесине арнап, куран түшүрүштү. Иш-чарага бир катар саясий ишмерлер да катышты.

2010-жылы 7-апрелде 27 жаштагы Алымбек Аракеев өзүнүн курбалдаштары менен бирге Ак үйдүн алдындагы каршылык акциясында жарадар болгон адамдарды куткаруу учурунда ага да ок жаңылып көз жумган. (KJ)

XS
SM
MD
LG